Бишкек, 07.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда 31-октябрдан 6-ноябрга чейинки аралыкта коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен бирөөсү ооруканага жаткырылып, 11и үй шартында дарыланууда.
2022-жылдын 7-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан.
Ал эми 2022-жылдын 10 ай 6 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 716 учуру катталган.
Пикир
Оставить комментарий