• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык актриса Түркияда өткөн эл аралык кинофестивалдын байгесине татыды

Маданият 0

Бишкек, 07.11.22. /Кабар/. Түрк дүйнөсүнүн Коркут Ата кинофестивалында кыргызстандык актриса Калипа Таштанова "Эң мыкты актриса" наамын алды. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Эл аралык кинофестиваль 1-5-ноябрь аралыгында Түркиянын Бурса шаарында өттү. Толук метраждуу көркөм тасмалардын сынагында "Үй сатылат" кыргыз тасмасы көрсөтүлдү. Калыстар тобу башкы ролду аткарган актрисага эң жогорку сыйлыктардын бирин ыйгарышты.

"Үй сатылат" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган. Анын дүйнөлүк бет ачары 5-октябрдан 14-октябрга чейин Пусан шаарында өткөн Кореядагы Эл аралык кинофестивалда өттү.

Тасмада жаңы үйлөнгөндөрдүн тагдыры баяндалат. Алар жупуну жашашат, үч жашар кызы бар, экинчи баласын күтүп жатышат. Алардын жашоосу жубайлардын макулдашылбаган аракеттеринен улам бир заматта татаалдашып кетет. Күйөөсүнүн чакан бизнеси үй-бүлөнү туңгуюкка алып барат: чет өлкөгө жөнөтүлгөн товарлар чек арада жок болуп кетет. Насыяны төлөө үчүн күйөөсү туугандарынан акча алып, анын ордуна жаңы төрөлгөн баласын берем деп убада кылат. Аял да өз иш-аракеттерин күйөөсү менен макулдашпайт. Чет өлкөгө иштөөнү чечип, боюнан алдырган.

Пикир

Оставить комментарий