• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин 19 миң 508 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен:

- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 180;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 287;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 64;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 279;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 490;
- Авто ээнбаштык - 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 243;
- Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары -11 859.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 678 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий