Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү, анын ичинде аконитти жыйноого тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөрдү, анын ичинде аконитти жыйноого тыюу салынды. Мындай чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Ошентип, Кыргызстандын аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий