Кыргызстанда бир мандаттуу 3 округда шайлоо өнөктүгү башталды

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дө №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч шайлоо округунан жалпы 28 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен:

  • №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан – 9;
  • №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан – 14;
  • №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – 5.

Ошондой эле аталган үч шайлоо округунан контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:

  • №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан — 91 миң 20;
  • №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан — 97 миң 300;
  • №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан — 122 миң 932.

Жалпы бардыгы 311 миң 253 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 218 223, орус тилинде 93 300 бюллетень, 175 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Алардын ичинде:

  • №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 91 миң 105;
  • №36 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 123 миң 21;
  • №29 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча – 97 миң 397.

Пикир

Оставить комментарий