• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алмаз Усенов: Таластагы Бабановду жактоочулардын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек

Коом 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Таластагы Бабановду жактоочулардын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. Мындай пикирин КР Президентинин Аппарат жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.

Анын айтымында, президенттин сөздөрү атайын бурмаланып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев туура байкаган.

«Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура кабыл алуу керек. Президент эч нерсени ойдон чыгарып айткан жок. Ал “Манас” эпосунан мисал келтирди. Чындыгында Манас бабабыздын сөзүн укпай чуулдашкандар чоң ката кетиришти», - деген эле мурдараак депутат З. Рысалиев.

"Митингчилердин жоругу кыжыр келтире турган өкүнүчтүү окуя болуп калды.

Митингде негизинен спортчуларга окшогон жаш жигиттер болушту, сыягы, алар адепсиз, маданиятсыз адамдар окшойт. Митингке катышкандар сөздү бурмалап, анын нугун кыргыз элине нечен залкар таланттарды жана инсандарды берген бүт Талас элине бурбай өздөрү Манас бабабыздын өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетришкендерин моюнга алышы керек.

«Манас» эпосу кыргыз эли үчүн ыйык.

Мусулмандар үчүн Куран ыйык. Эгерде облустун имамы эл алдына чыгып, Курандан сүрөө окуса, ал эми адамдар ышкырып, кыйкырышса, аларды өз динин сыйлабаган динсиздер дешмек да, туурабы?",-дейт Усенов.

Ал белгилегендей, “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин мына ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды коюп, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек.

"Биздин аталарыбыз “Манас” эпосун эч тажабастан, күндөп-түндөп угушчу эмес беле. Манастын Мекени болгон Таласта ушинтип бирөөлөр ыйык эпосту укпай ышкырып-кыйкырат, сөгүнүп-сагынат деп ким ойлоптур!..

Эске салсак, Мамлекет башчысы жогорку окуу жайлардын студенттерине стипендияларды тапшыруу учурунда митингке чыгышкан таластыктар “Манас” эпосунан бирин-экин саптарды окуп бергиси келгени үчүн эле губернатор Даир Кенекеевди жактырбай ышкырып-кыйкырып, осол иш жасашканын, кыргыз элинин улуттук байлыгы жана сыймыгы болгон Айкөл Манасты урматтабагандыкты көрсөтүшкөнүн белгилеген. Ал бул катачылыктын Манастын мекенинде болгонуна таң калган эле.

Талас шаарында үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында өткөн митингке президенттикке талапкер Ө. Бабановдун президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарына нааразы 500дөн ашык тарапташтары катышкан",-деп белгиледи Аппарат жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий