Кыргызстанда бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Көлмө айылында жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 55 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сүрө-Таш айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 115 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп жана өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 35 чарчы метр чатыры жана 230 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында эки кабаттуу турак үйдүн 1 бөлмөсүндө үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий