• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Нарында Ала-Буга дарыясына чөгүп кеткен жарандын сөөгү 4 айдан соң табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Нарында Ала-Буга дарыясына чөгүп кеткен жарандын сөөгү 4 айдан соң табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-апрель күнү ӨКМдин бөлүмүнө жергиликтүү тургундардын бири адамдын сөөгүн көргөнүн билдирген.

Жерине 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 27 жаштагы М. у С. аттуу жарандын сөөгүн Ала-Буга дарыясынан коопсуз жайга алып чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, Нарын районунун Баетов айылынын тургуну М.у С. 2020-жылдын 27-декабрында балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Бирок жыйынтык болгон эмес.

Издөө иштери абанын температурасынын кескин төмөндөп кетишине байланыштуу, тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган.

Ошондой эле 2021-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин куткаруучулар издөө иштерин улантып, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий