• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка ведомствонун директору кол койгон.

Эскерте кетсек, Нурболот Үсөнбаев 2020-жылдын апрелинен тарта 2021-жылдын мартына чейин саламаттык сактоо министринин орун басары кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий