• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй районунда кылмыштарды алдын алуу иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь айынан тарта Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу жергиликтүү тургундар менен жолугушуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын апрель айында Чүй районунун ИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте Сайылык айылынын жашоочулары менен жолугушууларды уюштурушту.

Аталган айыл тургундарына аймактык тескөөчү тарабынан аткарылган жумуштар айтылып, андан сырткары уурулукка байланыштуу кылмыштарды алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда, жаш өспүрүмдөрга байланыштуу кылмыштар, үй бүлөлүк чыр-чатактар жана кыздарды никеге турууга мажбурлап ала качуу окуяларын болтурбоо боюнча түшундүрүү иштери жүргүзүлүп, жогорудагыдай окуяларды алдын алууга ата-энелер тарабынан да тынымсыз көзөмөл болуу зарылдыгы эскертилди.

Милиция кызматкерлеринин жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуулары Чүй облусунун баардык район жана шаарлардында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий