• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ишкерди 2 млн сомго чыгым кылган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Ишкерди 2 млн сомго алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкер Ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүлөрүн суранган.

Бул факты боюнча тергөөнүн тапшырмасынын алкагында шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун аймагынан 1983-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. Андан соң кармалган жаранды Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аныкталгандай, ал тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 млн сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирген.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча жаран Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши КР Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлдү.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий