Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин айылында турак үйдүн аянты 36 чарчы метр болгон шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Дыйкан айылында турак үйдүн аянты 12 чарчы метр болгон бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.
Пикир
Оставить комментарий