• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда бир суткада 6 миң 397 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 397 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 669 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 729 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 242 миң 34 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 31 миң 419 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий