• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 51 миң 472 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 51 миң 472 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 51 миң 592ни түзөт. “Алардын ичинен 51 миң 472 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746га жетти. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий