• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Коронавирус жуккандарды дарылоо үчүн республика боюнча 1 миң 210 орундук даярдалган

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде бүгүнкү күндө коронавирус жуккандарды дарылоо үчүн республика боюнча 1 миң 210 орундук даярдалган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 153 интенсивдүү терапия палатасы бар.

"Бишкек шаарында 204 орундук, анын ичинде 32 интенсивдүү терапия палатасы бар. Ошондой эле Ош облусу боюнча 475 орундук, анын ичинде 555 интенсивдүү терапия палатасы, Жалал-Абад облусунда 260 орундук, анын ичинде 12 интенсивдүү терапия палатасы, Баткенде 114 орундук, анын ичинде 20 интенсивдүү терапия палатасы, Нарында 91 орундук, анын ичинде 15 интенсивдүү терапия палатасы, Ысык-Көлдө 176 орундук, анын ичинде 19 интенсивдүү терапия палатасы бар", - дейт ал.

Калмаматов кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлигинде резервде даярдалган орундуктардын саны 823. Анын ичинен 118 интенсивдүү терапия палатасы бар.

"Резервге каралгандар боюнча Бишкекте 472 орундук (57 интенсивдүү терапия палатасы), Ошто 60 орундук (12 интенсивдүү терапия палатасы), Жалал-Абадда 70 орундук (31 интенсивдүү терапия палатасы), Ысык-Көлдө 21 орундук (4 интенсивдүү терапия палатасы), Таласта 200 орундук (14 интенсивдүү терапия палатасы) камдалган", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий