• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Штаб: Калкты тейлөө борборлору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат бербейт

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Калкты тейлөө борборлору калкты каттоо жана документтештирүү жаатында иш алып барат, ошондой эле электрондук санарип кол тамганы берет. Өз кезегинде, Калкты тейлөө борборлору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат бербейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эмделгендиги жөнүндө сертификатты онлайн режимде эки жол менен алууга болот:

КР жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн vc.emed.gov.kg расмий сайтынын «Сертификат» бөлүмүндө (сурап-билүү үчүн телефон номерлер: 0 (312) 660717, 0 (708) 857696);

Электрондук санарип колтамгасы болгон учурда www.portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталы же «TUNDUK» мобилдик тиркемеси аркылуу (сурап-билүү үчүн телефон номерлер: 0 (312) 98 81 23 (кошумча 111)).

Пикир

Оставить комментарий