• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кыргызстанда бир жума ичинде COVID-19дун 22 жаңы учуру аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда 13-февралдан 19-февралга чейин COVID-19дун 22 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 51 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 885 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 874 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий