• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда үлпөт той кортежинен асманга ок чыгарган жаран кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда үлпөт той кортежинен асманга ок чыгарган жаран кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Соцтармакта 19-февралда “БМВ” үлгүсүндөгү унаада бара жаткан жарандын асманга ок чыгарганы тартылган видео тараган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

“Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы М.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал ошол эле күнү саат 14:00дөр чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. М.А. Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаадан өзүнө таандык Сайга МК-01 ок атуучу куралынан асманга 10 даана ок чыгаргандыгы белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий