• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада 15 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. 26-октябрдан 1-ноябрга чейин Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 15 миң 823 жол эрежесин бузууну аныкташкан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен:

- 507 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

- Мас абалында унаа башкарган 202 айдоочу кармалган;

- 1961 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2410 айдоочуга айып пул салынган;

- 1175 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандар менен унаасын башкарган;

- 1349 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

- Коопсуздук курун тагынбай унаа башкарган 3932 айдоочуга айып пул салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 41 айдоочуга чара көрүлгөн;

- Телефон колдонуу эрежелерин бузган 2805 айдоочуга айып пул салынган;

- 869 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий