Кыргызстанда бир жумада 19,7 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 13-майдан 19-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 779 жол эрежесн бузуу фактысы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 327;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 210;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 54;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 810;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 мин 78;
  • авто ээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 миң 200;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 миң 94;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 437 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий