• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстанда бир жумада 217 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 7-октябрдан 13-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 495;
  • мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 217;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 56;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 457;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 860;
  • авто ээнбаштык – 11;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 048;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 127;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 498 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий