• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанда бир жумада 221 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 9-декабрдан 15-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 17 миң 108 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 561;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 221;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 52;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 137;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 906;
  • авто ээнбаштык – 24;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 924;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 281;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 229 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий