• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 1-июлдан 7-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 20 миң 589 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 232;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 176;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 923;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 255;
  • авто ээнбаштык — 15;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 820;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1 354;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 748 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий