• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 193 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 15-июлдан 21-июлга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 86 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 459;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 193;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 815;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 364;
  • авто ээнбаштык — 12;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5239;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 миң 948;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 820 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий