Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1-апрелден 7-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 226;
- мас абалында унаа башкаруу – 63;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 58;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 946;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 653;
- автоээнбаштык – 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 512;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 429;
Ошондой эле 867 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий