• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда биринчи жолу мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда мугалимдер эмгек өргүүсү үчүн 143 миң сомго чейин алышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, алган каражатынын аркасы менен Ысык-Ата районундагы мектеп мугалимдери Кара-Деңизге, Ысык-Көлгө жана башка курорттордо эс алууга мүмкүнчүлүк алышты.

"Мугалимдердин эмгек өргүүсү үчүн алган каражаты эмгек тажрыйбасына жараша 43 миң сомдон 143 миң сомго чейин жетти”, - деп белгиледи ал.

“Кабар” агенттиги эмгек өргүүсү үчүн эң көп өлчөмдө акча алган мугалимдердин бири Перизат Бейшебаева менен байланышты. Перизат Бейшебаева учурда Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Акматаалы Карыбек уулу атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы. 23 жылдык тажрыйбасы бар биология мугалими июнь айлыгы менен кошо эмгек өргүүсүнө 187 миң сом алганын айтты. Ал мамлекет тарабынан айлык акылардын жогорулап жатканына ыраазычылыгын билдирди.

“Мен 23 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келе жатам. Акыркы үч жылдан бери Акматаалы Карыбек уулу атындагы орто мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары кызматын аркалап келе жатам. Буга чейин биздин айлык маянабыз мынчалык көтөрүлгөн эмес. Мамлекет мугалимдерге көңүл буруп, айлыгыбызды жогорулатып берди. Биздин мектебибиз тоолуу райондо жайгашкандыктан, атайын кошумча төлөмдөр да кошулат. Мен окуу жылдын аякташы менен июнь айындагы айлыгымды жана эмгек өргүүмө берилчү акчаны кошкондо колума 187 миң сом алдым. Эмгегибиз бааланып, айлыгыбыз көбөйгөнүнө кубанычтамын. Жакында үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө барып эс алууну пландап жатабыз”, - деди Перизат Бейшебаева.

Ал эми Дайырбек Орунбеков белгилегендей, акыркы жылдары мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууда. Мугалимдердин айлыгына удаалаш эле, өлкө боюнча жыл сайын жүздөгөн мектептердин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип жатат.

“Өткөн жылы эле 111 мектеп колдонууга берилди, бул жылы дагы жүздөн кем эмес мектептин имараты бүтөт. Мамлекет билимге болгон саясатын жакшыртканынын натыйжалары көрүнө баштады. Мисалы, жакында Улуу Британияда өткөн дүйнөлүк Олимпиадада окуучуларыбыз алтын, күмүш медаль алышты”, - деп кошумчалады Дайырбек Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий