• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда биринчи жолу шахмат ойногонду үйрөткөн алиппе жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу балдар үчүн кыргыз тилинде шахмат ойногонду үйрөткөн "Шахмат Алиппеси" китеби жарык көрдү.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган китептин автору, журналист, котормочу Болотбек Жумабаев китеп эртең, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белек катары даярдалганын айтат.

"Колуңуздагы – өзгөчө китеп. Бир эле мезгилде балдарга да, алардын ата-энесине да ылайыктуу. Анткени шахмат – эң кеңири тараган оюн гана болбостон, балдардын аң-сезимин өнүктүрүүнүн эң сонун каражаты. Ошондуктан бул китеп балдарды кереметтүү шахматтын кайталангыс дүйнөсүнө аралаштырып, интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн, логикасын өнүктүрүүнү каалагандарга арналат. Бул китептин жардамы менен окуганды жана жазганды билген ар бир окуучу мектептен жана үйдөн шахмат оюнун өз алдынча үйрөнө алат”, - дейт ал.

Жумабаев Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери кыргыз тилинде шахматты үйрөтүү боюнча атайын колдонмо, эмгектер жазылбаганына токтолду.

“Ошол кенемтени толуктап, кыргыз тилинде шахматты балдарга, өзгөчө башталгыч класстардын окуучуларына үйрөтүү боюнча “Шахмат Алиппеси” китеби даярдалды. Акыркы жылдары дүйнөнүн алдыңкы державалары шахматты балдарга тарбия берүү ишинде жигердүү пайдаланып жатышат. Дүйнөдө жүздөгөн мамлекетте шахмат мектеп предмети катары окутулат. Мына ошол жакшы саамалыкты улантып, Билим берүү жана илим министрлиги республикабыздын жалпы билим берүү мектептеринин башталгыч класстарында факультативдик сабактарда колдонмо катары пайдаланууга сунуштаса болчудай”, - деди жазуучу.

Аталган китеп 1 миң нускада чыгарылган.

Кыргыз эл акыны, "Байчечекей" журналынын редактору Токтосун Самудинов 5 жыл мурун дал ушул "Кабардын" имаратында Жумабаевдин "Шахмат залкарлары" китебинин бет ачары өткөнүн эске салды.

"Беш жыл аралыгында Болот дагы чоң кадам жасап, шахматтын алиппесин чыгарыптыр. Китепте шахматты "А" — "Яга" чейин чечмелеп жазыптыр. Буга чейин окуучулар шахматка өтө кызыгат эле. Бирок убакыт өткөн сайын алардын кызыгуусу солгундоодо”, - деди Самудинов.

Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун пикиринде, шахматты мамлекеттик деңгээлге жеткириш керек.

“Бул оюн балдарды стратегиялык, аналитикалык ойлонгонго түрткү берет. Коомду дагы алдыга сүйрөп турганга шахмат чоң өбөлгө түзөт. Азыр дүйнө биринчиликтерине 7-8 жаштагы балдар катышып жатат. Жаш балдар столдо жалгыз болуп, өз алдынча чечим чыгарганды, алдын ала ой жүгүрткөндү жана атаандашына сый мамиле көрсөтүүнү үйрөнөт”, - деп белгилейт Турпанов.

Турпанов алдыда дагы китептин экинчи, үчүнчү бөлүктөрүн чыгаруу пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий