• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстанда Бишкек – Анкара бизнес форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын борбор калаасында Бишкек – Анкара - 2024 бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумда шаарлар ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жаңы өндүрүштөрдү ачуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле кыргыз-түрк ишкерлеринин B2B жолугушуулары пландалган.

Бизнес форумдун алкагында кыргыз ишкерлеринин чакан көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Анкара шаарынын мэри иш сапары менен Бишкекте жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий