• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балдардын укуктарын коргоо жаатында кыргыз-россия кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Москвада Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Россия президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова менен жолугушту.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 6-мартта "Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу" аталышындагы Биринчи кыргыз-россия аялдар форумуна алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана камсыз кылуу тутумун өркүндөтүү боюнча кыргыз-россия кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашты, ошондой эле эки өлкөнүн Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институттарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна кол коюу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Пикир

Оставить комментарий