• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Милиция Кеминдеги кыз ала качуу фактысы катталбаганын билдирди

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кеминдеги кыз ала качуу фактысы катталбаганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, Кемин райондук милициясына 11-июнда жергиликтүү тургундан белгисиз адамдар кызды ала качышы мүмкүндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери Токмокто унааны токтотуп, бардык жүргүнчүлөрдү Кемин райондук милициясына алып келген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, алар 10-июнда саат 21:00дө достору менен жолугушууга Бишкектен Токмокко чыгышкан. Кафеден түн ортосунда чыгышып, жолун андан ары улантууну чечишкен. Жолдо сөз келишпестиктен кыз таарынып, өз алдынча кетүүнү чечкен. Бирок кайра элдешип алгандан кийин Бишкекке сапар тарткан.

“Ал кыз аталган факты боюнча арыз жазуудан баш тартып, ала качуу болбогондуктан териштирүүнү токтотууну суранган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий