• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда быйыл маданий борборлор курулат – Максүтов

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы маданий борборлор курулат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Максүтовдун маалыматына караганда, министрлик 2025-жылы заман талабына ылайык маданий мекемелерди курууну максат кылууда. Аталган маданий борборлордо китепкана, музей жана маданият үйү болот.

“Жакында эле болуп өткөн Элдик курултайда бул маселе көтөрүлдү. Элдин басымдуу бөлүгү маданий мекемелерди курууну суранышты. Долбоорлор иштелип чыгып, облустардын, райондордун, айылдардын башчыларына сунушталды. Биз жакында реформа боюнча мамлекет башчыбызга бул долбоорду презентация жасайбыз. Эгерде реформа кабыл алынса, анда аталган маданий борборлор курулат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий