• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда үч жыл аралыгында 12,4 млрд сомго 3639 айыл чарба техникасы лизингге берилген

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдан бери 3 639 айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө атайын техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул үчүн 12,4 млрд сом каражат бөлүнгөн.

“Бүгүн Суу ресурстары кызматына республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд сомго сатылып алынган 112 атайын техника берилет. Ошондой эле 83 млн сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунааны райондорубуздун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырганы турабыз.Бул техникалар айыл жериндеги дыйкан-фермелерибизге өз убагында суу жеткизүүгө, райондук айыл чарба башкармалыктарынын жетекчилеринин ыкчам иш алып баруусуна өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Ал эми эмдиги жылы болсо Суу кызматын 400дөн кем эмес атайын техника менен камсыз кылалы деген ниеттебиз”, - деди өлкө башчысы.

Ошондой эле президент айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий