• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоонун жаңы тартиби киргизилет

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан тарта КР министрлер кабинетинин өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү: Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова. Алар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми өлкөгө жумуш, окуу же жеке ишкерлик ишмердүүлүктөр менен келген жарандарга каттоо тартиби өзгөрүүсүз калат.

Буга чейин жогоруда жазылган өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө келүүнүн максатына жараша алты айлык мөөнөткө узарта алышчу. Эми Кыргызстандын аймагына жеке максаттар менен узак мөөнөткө келүү үчүн төмөнкү документтер негиз боло алышат:

  • Туруктуу жашоого уруксат;
  • Жарандыктын жоктугу тууралуу күбөлүк;
  • «Кайрылман» күбөлүгү;
  • «Мекен-карт» күбөлүгү.

ЕАЭБдеги жарандар (Армения, Беларус, Казакстан, Орусия) Кыргызстанда ар 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат.

Тажикстан, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары ар 120 күндүк мөөнөттө 60 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат.

Белгиленген мөөнөттөр бүтөр менен каттоого турбагандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү, ошондой эле 60 же 90 күндөн кийин кайра өлкө аймагына кайсы өлкөнүн жарандыгына байланыштуу кире алышат.

Консультация жана кошумча маалымат үчүн төмөнкү байланыш контактыларын колдонуңуз:

Телефон: 0312380098

WhatsApp: 0999380025

Telegram: @drndigital

Колл-борбор: 119 (чалуулар акысыз).

Пикир

Оставить комментарий