• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

3нөн 9-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 3нөн 9-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.3-октябрда күндүз жана 4-5-октябрлардажаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

7-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-9-октябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Талас, Лейлек,Базар-Коргон райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу жок.

Пикир

Оставить комментарий