• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды онлайн каттоо жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды онлайн каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калкты каттоо департаментинин республиканын аймагындагы бардык бөлүмдөрү, же Калкты тейлөө борборлору чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу жүргөн жерине карабастан каттоону жүзөгө ашырууда.

Ошондой эле министрлик жарандардын ыңгайлуулугу үчүн "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды онлайн каттоо" сайты иштей турганын эскертет. Бул жарандарга аймактар аралык бөлүмдөргө, же Калкты тейлөө борборлоруна барбай эле каттоону аралыктан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күнгө чейин бул сайт аркылуу каттоого 30 миңден ашык арыз келип түшкөн (кайра каттоо жана узартууну эске алганда).

Кабыл алуучу тарап катары чыккан жана сайтта өзүнүн жеке кабинети бар КР жарандары, юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар (туруктуу жашап турууга же турак-жайга уруксаты бар) онлайн каттоону жүргүзө алышат.

Сайтта онлайн каттоо же каттоону узартуу процедурасынан өтүүнү каалаган жеке жактар:

  • өздүгүн күбөлөндүргөн документтердин маалыматтарын, ошондой эле турак жайга же башка жайга менчик укугун ырастаган документтерди киргизүү аркылуу “чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Онлайн каттоо” сайтында авторизациялоо жол-жобосунан өз алдынча өтүшөт;
  • документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлгөн электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат.
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызды ырастайт.

Жеке кабинетти каттоо үчүн юридикалык жактар Калкты каттоо департаментине кайрылышы керек, же электрондук документ жүгүртүү системасы, ошондой эле электрондук почта аркылуу электрондук кат жөнөтүшү керек. Ошол эле учурда бардык документтер түпнускадан JPEG форматында өзүнчө файлдар менен сканерлениши керек.

Ведомство кошумча маалыматты 0999-38-00-25, 0312 38 00 98 телефон номерлери аркылуу, ошондой эле Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 381, 3-кабат, 304-кабинет дареги боюнча СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнөн алууга болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий