• 87
  • 91.26
  • 0.84

Кыргызстанда чочко тумоосуунун 9 учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 16.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 9 учур катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Венера Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин жалпысынан сасык тумоо 11 бейтапта аныкталып, анын ичинен 9у "А" түрү болсо, ал эми экөө "В" түрү болгон.

"Сасык тумоонун "А" түрү көп циркуляция берчү түрү болуп эсептелинет. Чочко тумоосунун А тибиндеги (H1N1) өтө жугуштуу, курч оору, капыстан пайда болуп, көп сандагы адамдарга жугат, дем алуу органдарынын жабыркашы менен мүнөздөлөт. Вирус аба аркылуу жугат. Адамдарда А (H1N1) тумоосунун инфекциясынын типтүү клиникалык көрүнүшү сезондук гриппке жана жогорку дем алуу жолдорунун башка курч инфекцияларына окшош болгондуктан көпчүлүк учурлар тумоонун сезондук байкоо учурунда кокустан аныкталат", - деди дарыгер.

Ошондой эле Алымкулова грипп өнөкөт ооруларды козгоп, аны өөрчүтүп жибериши мүмкүндүгүн жана мындай учурда сөзсүз дарыгерлерге кайрылуу зарылдыгын айтты.

“Эгерде ооруну убагында дарылабаса отит, менингит сыяктуу ооруларга өтүп кетиши мүмкүн. Ооруну убагында дарылоо керек. Өнөкөт оорулар менен жабыркагандар сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп койсо ашыктык кылбайт. Эгер киши сасык тумоо менен ооруп калса биринчи кезекте алдын алуучу жөнөкөй чараларын көрүп – башкаларга жугузбаш үчүн маска тагынышы кажет. Андан сырткары, иммунитет түшүп кетпеши үчүн күчтүү тамактанышы керек. Эң негизгиси, дарыгерге кайрылуу зарыл”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2009-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "чочко тумоосунун вирусунун" жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Адистер бул вирус тез жайылып, адамдын саламаттыгына таасири оор экенин айтып келишет. Кыргызстанда бул илдет алгач 2016-жылы катталган.

Пикир

Оставить комментарий