• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу жасалма сертификатка ишенбегиле — министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандарды вакцинаны албастан, эмдөөдөн өткөндөрдүн реестрине киргизүү жана акча аркылуу ырастоочу документтерди берүү тууралуу маалыматка ишенбөөгө чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар тарабынан вакцина алууну каалабагандарды эмдөө реестрине киргизүү жана аларга ырастоочу документтерди берүү жөнүндө маалымат таркатылып жатат.

Министрлик бул маалыматка ишенбөөгө чакырат. Ошол эле учурда эскертебиз, бул иш мыйзамсыз болуп эсептелип, ал үчүн жоопкерчиликке мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жана жасалма документти колдонгон адамдар дагы тартылат. Андан сырткары, бул сыяктуу иштер коомдогу адамдардын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч жаратып, ошондой эле COVID-19га каршы «Кыргызстан – жашыл зона» аталышындагы эмдөө боюнча республикалык кампаниянын жана улуттук демилгенин ишке ашышына тоскоол болот.

Аталган факты боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги укук коргоо органдарына тиешелүү чараларды көрүү үчүн арыз менен кайрылган.

Ведомство жарандарга эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт жана беткап кийүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий