• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде дагы 7 гемодиализ борбору ачылат

Ден соолук 0

Бишкек, 27.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде дагы 7 гемодиализ борбору ачылат. Алардын 4 Бишкекте жана 3 өлкөнүн калк жыш жайгашкан облустарына коюлат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча медициналык борборлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде иштеп, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Fresenius Medical Care немис компаниясы тарабынан башталган долбоордун уландысы болот. Долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын октябрында Кыргызстандын 3 ири шаарларында: Бишкек, Жалал-Абад жана Ошто бөйрөк оорусуна чалдыккандарды тейлөө борборлору ачылган.

ССМ маалыматы боюнча Кыргызстанда бир миңден ашуун адам бөйрөк оорусуна чалдыккан. Алардын жарыма мамлекеттин эсебинен гемодиализ алышат, дагы бир бөлүгү жеңилдиктерге ээ. Калгандарына өз каражаттарына таянууга туура келет.

Маалымдама: Гемодиализ – бул курч жана өнөкөт бөйрөк ооруларын “жасалма бөйрөк” деп аталган жабдуунун жардамы менен дарылоо.

Пикир

Оставить комментарий