• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунун медициналык мекемелери күчөтүлгөн режимде иштөөдө

Ден соолук 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 22-сентябрында саат 10:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштарга байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарына 198 адам кайрылып, алардын 61и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкек, Ош жана Баткен шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий