Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандар көбөйө баштады, - деп маалымдайт Республикалык штаб.
Адистердин айтымында ,вирус жай мезгилинде күч алат. Коронавирус мутацияланып жатат. Жаңы штаммдар чыкпарына кепилдик жок.
"Коронавирустан улам ооруканада дарыланып жаткандардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өткөн эмес", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун жаңы 28 учуру катталган.
Пикир
Оставить комментарий