• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда дагы 27 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 1270

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 20-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 270 адамга жетти.

"Жаңы учурлар Бишкек шаарында (4), Чүй облусунда (1), Ош облусунда (2), Нарын облусунда (19) жана Ысык-Көл облусунда (1) табылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий