• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Төрт киши амбулатордук дарыланууда, жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 4-майга карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондор катталган жок. Илдеттен 1 адам сакайды.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 4 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий