• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда диний себептерден улам эмдөөдөн баш тартуулар азая баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Диний себептерден улам эмдөөдөн баш тартуу учурлары 70%дан 50%га азайды. Бул тууралуу Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

"2016-жылдан бери азыркы күнгө чейин диний көз караштан улам алдын ала эмдөөдөн баш тартуу учурлары 70%га чейин жеткен. Бирок, 2021-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 50%ды түзөт. Бул диний мекемелер менен иштөөнүн жыйынтыгы болду. Диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тартуу учурлары азайып барууда. Эми вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугунан күмөн санап, эмдөөдөн баш тарта баштагандар көбөйдү. Анын алкагында азыр калк арасында маалыматтык кампанияны күчөтүп жатабыз. Ошондой эле анын 10%ын маалыматтын жетишсиздигинен улам баш тарткан мигранттар түзөт", - деди ал.

Анын маалыматына ылайык, жылына өлкөдө болжол менен эмдөөдөн баш тарткан 8 миң учур катталат.

Белгилей кетсек, 14-ноябрда Кыргызстанда 11 жаштагы кыздарды папиллома оорусуна каршы эмдөө башталат.

Пикир

Оставить комментарий