Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө

Экономика 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.

Финансылык жөнгө салуу органы 3-июлга карата расмий курсту 1 доллар үчүн 86,12 сом деңгээлинде бекитип, курс 0,26%га төмөндөдү. Евро да арзандап, 92,33 сом, рубль 98 тыйын, теңге 18 тыйындан сатылууда.

Коммерциялык банктарда доллар 86,71 сомдон сатылып, 85,84 сомдон сатып алынууда.

Жыл башынан тарта КР Улуттук банкы валюта рыногунда долларды сатып алуу боюнча 10 интервенция өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий