• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19 Кыргызстанда: Чакан жана орто бизнес тез калыбына келет – вице-премьер

Экономика 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Чакан жана орто бизнес тез калыбына келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифинде КРнын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев айтты.

«Расмий түрдө чакан жана орто бизнес экономиканын 40%ын түзөт, бирок, бул андан да көп. Чакан жана орто бизнестин кандайдыр бир үлүшү көмүскөдө турат. Алар тез калыбына келет. Анткени мобилдүүлүк жана тез багыт алуу бул тармакка мүнөздүү. Биз беткап, жеке коргоочу каражаттар жана антисептиктер бат өндүрүлүп жаткандыгын байкоодобуз. Ишкерлер өз продукцияларын экспортко багыттоого даяр», - деп билдирди ал.

Асрандиев кошумчалагандай, коронавирус пандемиясынан улам көбүнчө кызмат көрсөтүү, соода жана туризм тармагы жабыркап жатат.

«Мындай кырдаал бир гана бизде эмес, бүтүндөй дүйнөдө болуп жатат», - дейт вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий