• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,79 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. 5-сентябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде:

  • мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке;
  • өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго жалпы 1 миң 301 субъектке берилди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банктары" катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий