• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР финансы министри АӨБ вице-президенти менен өнөктөштүктү талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен жолугушту.

КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда КРнын АӨБ менен кызматташуулары, анын ичинде ирригация жана суу менен камсыздоо долбоорлору талкууланды.

Министр өз сөзүндө АӨБ делегациясына КРнын социалдык-экономикалык реформаларына колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууга киришти. Жакынкы күндөрү биз бул документти Туруктуу өнүктүрүү Улуттук кеңешинин жыйынында карайбыз. Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттар катары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү жакшыртуу маселелери саналат”, - деди Касымалиев.

КР финансы министри АӨБ жетекчилигине эки жактуу өнөктөштүк Стратегиясын иштеп чыгууда бул багыттарды эске алууну сунуштады. Ошондой эле Касымалиев КР үчүн 2018-2022-жылдарга карата мүмкүн болушунча көп гранттык каражаттар каралган портфель бекитүүнү кароону сурады.

Өз кезегинде АӨБ вице-президенти Чжан Вэньцай АӨБнын Кыргызстан менен 24 жылдык кызматташуусу жемиштүү болгонун жана учурда АӨБ 2030-жылга чейин өнөктөштүк Стратегиясынын долбоорун даярдап жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий