Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге дээрлик 3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 14-июнга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 7 миң 396 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2 млрд 936 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 2 млрд 624,12 млн сом суммасында 6 миң 416 субъектти;
  • "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 312 млн сом суммасында 980 субъектти түзөт.

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий