• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге лизинг аркылуу миңден ашык айыл чарба техникасы берилди

Экономика 0

Бишкек, 14.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге лизинг аркылуу 3,8 млрд сомго 1106 айыл чарба техникасы берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жылдан жылга дыйкан-фермерлердин лизинг аркылуу айыл чарба техникаларын алуусу жогорулап жатат.
“2021-жылы лизинг аркылуу техникаларды 1,5 млрд сомго бергенбиз. Ал эми 2022-жылы 3,5 млрд сомго, былтыр болсо 4,3 млрд сомго айыл чарба техникалары берилди. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүчтү 5 млрд сомго чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Буга “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсү да оң таасирин тийгизүүдө. Дыйкандар менен түздөн-түз иш алып баруу да техникаларды жаңылоону алдыга жылдырууда. Техникалар жеңилдетилген шарттарда пайыздык чени төмөндөтүлүп, улуттук валюта менен берилет”, - деди ал.

Нурланбек Кожогулов белгилегендей, былтыр жылдын жыйынтыгы менен 385 техника берилген, 2024-жылдын 9 айынын ичинде эле 400дөн ашык тракторду дыйкан-фермерлер алды.

Пикир

Оставить комментарий