• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте GREEN EXPO — 2023 көргөзмөсү өтөт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дасмия" этно-комплексинде 16-ноябрда GREEN EXPO — 2023 көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбаева билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө "Жашыл экономика - 2023" аймактык форумунун алкагында өтөт.

"Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучуларга бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн экономика тармагына багытталган акыркы жашыл технологиялар жана чечимдер тууралуу маалымат берилет", - деди ал.

Белгиленгендей, көргөзмөдө ар түрдүү компания, ишкана жана банкттардын 50 стенди көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий